“Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасынын билеттери сатыла баштады

“Рио-де-Жанейро-2016” Жайкы Олимпиадасынын билеттери сатыла баштады. Бул тууралуу Олимпиаданын Аткаруу комитетине шилтеме берүү менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, билеттер сатыкка 1-апрелден тарта коюлган. Бразилиянын ар бир жараны билет алуу үчүн арыз бере алат. Ал эми башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн билеттер ошол өлкөдөгү Олимпиада комитети аркылуу алынат. Дүйнө жүзү боюнча аталган оюндарга карата сатыла турган билеттердин саны 7,5 миллионго чейин жетет. Ал эми орточо баасы 40 реалдан (800 сомго жакын) 1200 реалга чейин (22 миң сомдой). Ачылыш аземине кирүүгө мүмкүнчүлүк берген билеттин баасы баарынан кымбат болуп, 4,6 миң реалды түзөт (85 миң сомдон ашык).

Кошумчалай кетсек, Олимпиада оюндары Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында 5-августта старт алып, 21-августта жыйынтыкталат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
diiazbek
2015-04-02 08:47:30
Баасы канча болду екен
-7
nurik2103
2015-04-02 08:57:14
diiazbek, жазылып туратко ойдодо 800 сомдон 22000 сомго чейин а ачылыш аземиники 85000 сом деп
0
diiazbek
2015-04-02 11:16:30
nurik2103,яоов обеден кийин келип алып тим еле мага ежеке болосунда ерте менен кыскача еле жазылган болчу билеттери сатыла баштады сенасы жазылбаган еле туурабы АДМИН
0
Bilal.
2015-04-02 08:59:01
oido jakti karasan baasi turat
0
nurik2103
2015-04-02 09:02:56
Кыргызстандын орточо айлыгы менен 6 ай жебей ичпей иштеш керек екенда е 2 сааттык ачылышка кириш учун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан