Эркин күрөш боюнча кураманын машыктыруучусу Руслан Маджинов Олимпиадага даярдоо борборунун директору Үсөнкан Майназаровду сабап салды. Окуя 31-мартта түшкө маал Ү.Майназаровдун иш бөлмөсүндө катталган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ишенимдүү булактар кабарлашты. Бул маалыматты Улан Молдодосов тастыктады.
Анын айтымында, Руслан Маджинов кайсы бир документке кол койдуруу үчүн барган. Үсөнкан Майназаров документтин толук эместигин айтып, толуктап келүүнү суранган. Ошол маалда эки тараптуу кайым айтышуу башталып, андан соң машыктыруучу борбордун директорун 2 ирет чаап жиберген. Анан Олимпиадага даярдоо борборунун директорунун орун басары Руслан Түмөнбаев кирип, ажыратканга жетишкен.
“Үсөнкан агай учурда ооруканада
жатат. Ал канчалаган машыктыруучулар менен иштешкенин айтып,
уруш-талаш болуп
турарын да билет. Бирок чаап жибергенге болбойт. Агай ооруканадан чыккандан
кийин арыз жазышы керек. Мындай окуялардын көз жаздымда калтырылганы болбойт”,- деди
У.Молдодосов.
Кошумчалай кетсек, Ү.Майназаров 2014-жылы 20-ноябрда Олимпиадага даярдоо борборунун директору болуп дайындалган.