Кыргыз футболчуларынын катышуусундагы Азия чемпиондугунун тандоо туру май айына жылдырылды

Өлкөнүн 23 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курамасы жаштар арасындагы Азия биринчилигинин тандап алуу турунда оюндарды Бириккен Араб Эмираттарында өткөрөт. 2016-жылы өтө турган мелдештин тандоо туру Азия футбол конфедерациясынын чечими менен 16-24-май аралыгында өтмөй болду.

Маалым болгондой, кыргыз мамлекетинин жаштар курамасы жайгашкан “В” тайпасында Кувейт, Иордания, Түркмөнстан жана Пакистан курамалары бар.

Кошумчалай кетсек, тандоо туру 23-марттан 31-мартка чейин аяктап, башка 9 тайпадан 9 команда мелдештин финалдык баскычына жолдомо алган. “В” тайпасындагы оюндар болсо Пакистандагы жардыруулардан улам жылдырылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uefamif
2015-04-09 17:03:16
Алга Кыргызстан!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан