Эркин күрөш боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу
Руслан Маджиновдун Олимпиадага даярдоо борборунун директору
Үсөнкан Майназаровду сабаганы боюнча ишти кароо үчүн комиссия түзүлдү. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору
Кадырбек Эргешов билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 1-апрелде комиссия түзүлүп, аны агенттиктин директорунун орун басары Болот Мотукеев жетектөөдө. "Үсөнкан Майназаров ооруканадан чыкса, комиссия баарын иликтеп чыгып, толук маалымат берет. Менин оюмча, бул эки спорт ишмеринин ортосундагы жаңжал мушташка жетпеши керек эле",- деп кошумчалады агенттиктин директору.
Кошумчалай кетсек, эркин күрөш боюнча кураманын машыктыруучусу Руслан Маджинов
менен Олимпиадага даярдоо борборунун директору Үсөнкан Майназаровдун
ортосундагы жаңжал 31-мартта катталган. Өз бөлмөсүндө отурган Ү.Майназаров менен кайсы бир документке кол койдуруу үчүн келген машыктыруучу
Р.Маджинов тил табыша албай калган. Жыйынтыгында машыктыруучу аталган борбордун директорун 2 ирет
чапканга жетишкен. Арачага Олимпиадага даярдоо борборунун директорунун орун басары
Руслан Түмөнбаев келген.