КРнын Күрөш спорту боюнча федерациясы улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Руслан Маджиновдун окуясы боюнча ишти 6-апрелде карайт. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда жетекчилик Бишкекте эмес. Ошол себептүү федерация маселеге 6-апрелде токтолот.
Кошумчалай кетсек, эркин күрөш боюнча кураманын машыктыруучусу Руслан Маджинов менен Олимпиадага даярдоо борборунун директору Үсөнкан Майназаровдун ортосундагы жаңжал 31-мартта катталган. Өз бөлмөсүндө отурган Ү.Майназаров менен кайсы бир документке кол койдуруу үчүн келген машыктыруучу Р.Маджинов тил табыша албай калган. Жыйынтыгында машыктыруучу аталган борбордун директорун 2 ирет чапкан. Аларды Олимпиадага даярдоо борборунун директорунун орун басары Руслан Түмөнбаев арачалап калган.