“Ош бажы” командасы волейбол боюнча Улуттук Лиганын чемпиондугун камсыздады

“Ош бажы” командасы волейбол боюнча Улуттук Лиганы экинчи ирет катары менен утуп алды. КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашкандай, 2-апрелде лиганын акыркы турундагы оюндар болду.

Оштун клубу чемпиондукту Ысык-Көл облусунун “Жаңы муун” командасы менен талашмак. Бирок Ысык-Көлдүн командасы бул күнү “Жаш күч” командасына утулуп (1:3), чемпиондук жарыштан чыгып калды.

Жыйынтыгында “Ош бажы” клубу карамагындагы 25 упай менен чемпиондукту камсыздады. Бул команда акыркы оюндарын уттуруп жиберсе да, чемпиондукту колдон чыгарбайт. Ал эми 2-орундагы “Жаңы муун” командасынын эсебинде 22 упай бар.

Кошумчалай кетсек, волейбол боюнча Улуттук Лига 7-ирет өтүп жатат. Буга чейин 5 ирет “Салам-Алик” командасы чемпион аталса, акыркы 2 жылда Оштун командасы баш байгени багындырып келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kalbek87
2015-04-03 17:51:37
Урматтуу, супер инфо ушул оюндун видесун кошо жуктоп койсонуздар болобу, мумкун болсо
0
admin_portal
2015-04-03 18:03:23
kalbek87, саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
0
janul
2015-04-03 19:47:26
Азаматтар ишеничти акташыптыр....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан