Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылы “Кочкор-Ата айыл курулуш” ишканасына Кызыл-Туу айылындагы мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү тапшырмасы берилген. Бул үчүн мамлекеттен 12 миллион 850 миң сом бөлүнгөн. Бирок текшерүүдө оңдоп-түзөө үчүн 10 миллион 672 миң сом гана коротулганы аныкталып, калган акчаны Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери жана аталган ишкананын башчысы ээлеп алышканы белгилүү болгон. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.