Аламүдүн районунда уурулукка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга 43 жаштагы А.Е. аттуу жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал белгисиз адам үйүнө кирип, алтын буюмдарын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, 41 жаштагы Д.В. кармалган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.