Бишкекте өткөн сутка ичинде 6 жол кырсыгы катталып, 8 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 2-апрель күнү саат 18:40 чамасында Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу А.Д. 6 жаштагы баланы сүзүп алган. Анын кесепетинен бала жабыркап, ооруканага жеткирилген. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.