Кочкор районунда өз кызын бир койго сатып жиберген келин кармалды

Кочкор районунда өз кызын бир койго сатып жиберген келин кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Чолпон айылынын 1968-жылы туулган С.К. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 23-март күнү 1989-жылы туулган Т.А. аттуу келин келип, 5 айлык кызын 5 миң сомго сатып алуусун суранган. Бирок С.Кнын жанында мындай суммадагы акча жок болгондуктан, келинге бир кой берген.

Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда “адам сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Deesmond
2015-04-04 12:39:02
Өлэээээ
-4
Parish
2015-04-04 13:06:30

Мындай таш боор энени
кудай бетин нары кылсын.
кээбирлерибиз баланын
жытына зар болсок
моминтип кор кылганы
окунучтуу.
+1
marmilantka
2015-04-04 13:07:27
Тообо 9 ай которуп анан тороп 5 ай багып чонойткон баласын кантип сатканга дити барды екен. Акылы жок аял, озу да ошол койдон айырмасы жок екен, кыз келиндерге ынсап берсин.
+2
Kalin466
2015-04-04 13:10:22
Не судите,да не судим будете.
+2
Serenada
2015-04-04 13:14:26
Бекер талаага таштаганга козу кыйбай бир кой болсо да сатып алайын деген окшойт да тообо
+1
Sezim.A
2015-04-04 13:25:18
Тооба ушундай да болобу, кандай гана кыйынчылыктарды коруп жарык дуйного алып келген наристесин бир койго алмаштыруу бул не деген шумдук.
+1
rkurstan
2015-04-04 15:08:38
Sezim.A,Ал кыйынчылык деле корбогондойго,кокусунан эле тороп алган окшойт уктап ойгонсо эле...
+1
kama_future_millioner
2015-04-04 15:22:38
Кудай сактаа
0
jamilya03
2015-04-04 16:26:22
бирого зар бирого кор дегендей мен 24 жылдан бери балага зармын
+2
BRILIANTTKA
2015-04-04 16:31:17
Айбан да баласын кызганат,коргойт... Эне атынан айлангыр...
0
incognito1
2015-04-04 17:49:51
Соз жок!
+2
nazira1989
2015-04-04 18:18:05
Бироого зар,бироого кор деген ушул экен да,Аллахым ыйман берсин андайларга...
0
Саби
2015-04-05 10:40:41
5 ай бакса жыргаганынан сатпаса керек. Балким ал баланы бага албай олтуруп албайын деп саткандыр.Балким башка да балдары бардыр аларды бага албай аткан чыгар.Негизи чоо- жайын билиш керек баланы эмне себептен сатканын 5 мин сом болбогон эле акча.
-1
maks1980bishkek
2015-04-05 17:14:20
Саби, туура айтас.мумкун багалбай калгандыр.олтуруп алгыча бергени дурусго.алган адамда чымынды пил кылып.талаага да таштап жатышатго.билбей туруп ар нерсе деген болбойт
0
st1m_
2015-04-05 18:11:50
maks1980bishkek, Озунун бала бакканга жарабаган макулук экенин билген сон бала тороло электе ойлонуш керек эле да.Бага албайм деп канынан чыккан баласын койго баалаганы он дейсинби. Ар бир бала оз ырыскысы менен торолот
+1
Sharipa-asia
2015-04-05 13:37:49
Ии шерменде баласынын баасы кой менен бир болуп калыптыр го, тообо нысап берсин, мээси жок келин го бул
0
Mamalashka_2013
2015-04-05 20:11:01
Туууй ата жашоо эмне болуп баратат
0
malika14
2015-04-06 01:08:52
tooba kizikko togyz ai tolgop kuinalip torop ani bolgondoda koigo almashtirganin insap ber allahim ar bir adamga .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан