Ысык-Көлдүн “Жаңы муун” командасы волейбол боюнча Улуттук Лиганын күмүш медалын камсыздады. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 3-апрелде Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Улуттук Лиганын жыйынтыктоочу турунда кезектеги оюндар болуп өттү. Бул күнү “Ош бажы” командасы чемпиондукту камсыздаган. Ал эми “Салам-Алик” жана “Жаңы муун” командаларынын оюнунда ысык-көлдүктөр 3:0 эсебинде жеңишке жетишип, мелдеште 2-орунду камсыздай алышты.
Чемпиондукту камсыздаган “Ош бажы” командасы Улуттук гвардиянын командасына 3:2 эсебинде утулуп калды. Бул жеңиш менен “Улуттук гвардия” мелдеште 3-орунга чыкты, бирок бул байгелүү орунду толук камсыздай элек. 3-орун үчүн жарыштан чыга элек “Салам-Алик” командасы акыркы 7 жылда алгачкы ирет байгесиз калуу коркунучунда турат.
3-апрелдеги оюндарда катталган жыйынтыктар:
“Жети-Суу” – “Жаш күч” - 3:0
“Ош бажы” – “Улуттук гвардия” - 2:3
“Жаңы муун” – “Салам-Алик” - 3:0
4-апрелде боло турган оюндар:
“Ош бажы” – “Жети-Суу”
“Жаңы муун” – “Улуттук гвардия”
“Салам-Алик” – “Жаш күч”