1 кыргыз мушкери Орусиядагы бокс боюнча эл аралык мелдештин финалына, дагы 2 мушкер жарым финалга чыкты

2-апрелде Орусиянын Сургут шаарында СССРдин Спорт чебери Павел Малаховскийдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш старт алды. Анда Орусия, Өзбекстан жана кыргыз өлкөсүнүн мушкерлери түрдүү салмак категориялары боюнча күч сынашууда.  

SUPER.KG порталына мушкерлер кабарлашкандай, мелдештин үчүнчү күнүндө кыргыз мушкерлеринен Турат Осмонов (49 килограмм салмакта) финалга, Медер Мамакеев (60 кг), Азамат Каныбек уулу (75 кг) жарым финалга жолдомо алышты. Финалдык беттештер 5-апрелде орун алат.   

Кошумчалай кетсек, аталган мелдешке улуттук кураманы машыктыруучу Акжол Ажибеков жетектеп барган. Курамда жогоруда аталган мушкерлерден тышкары Бек Камчыбеков (56 кг), Акжол Сулайманбек уулу (64 кг), Эркин Болотбек уулу (69 кг) сыяктуу мушкерлер бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Qnet
2015-04-04 20:54:23
Азаматтар Кыргызстандын намысын коргоп журо бериниздер!!!Сиздерге ден-соолук,чыдамдуулук анан албетте жеништерди каалайм!!!
0
altai86
2015-04-04 23:01:16
Алга кыргыз алга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан