Түркияда "Фенербахче" футболдук клубунун оюнчулары бараткан автобусту белгисиз куралчандар аткылап кетишти

Түркияда Стамбул шаарынын атактуу "Фенербахче" футболдук клубуна белгисиз куралчандар кол салышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, окуя Трабзон шаарындагы аэропортту көздөй кеткен жолдо болгон. "Фенербахче" клубунун оюнчулары Ризе шаарына келип, Түркиянын өлкө биринчилигинин 26-тур оюнун ойношкон. Клуб атаандашы "Ризеспор" клубун 5:1 эсебинде утуп, кайра Трабзон шаары аркылуу Стамбулга жөнөп бараткан. Белгисиз жарандар автобусту аткылап, таш ыргытып, андан соң из суутушкан. Жыйынтыгында автобустун айдоочусу жаракат алып, ооруканага жиберилген. Спортчулар жана машыктыруучулар эч кандай жаракат албаганы белгилүү болду. 

Бул окуя боюнча иликтөө иштери башталганы маалым болду. Күйөрмандар мындан ары өлкө биринчилигин өткөрбөө сунушун айтышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Seda
2015-04-05 21:38:32
Fenerbahçe geçmiş olsun
0
admin_portal
2015-04-06 11:41:12
Seda, саламатсызбы!
Кыргыз тилинде жазууну сунуштайбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан