"Реал" - "Гранада" - 9:1
Голдор: Бэйл (25-мүнөттө), К.Роналду (30, 36, 38, 54, 90), Бензема (52, 56), Ибаньес (74), Майнц (83, өз дарбазасына.
Бүгүн, 5-апрелде футбол боюнча Испания чемпиондугунун 29-турунда "Реал" клубу өз стадионунда "Гранада" клубу менен кез келди. Оюнда 10 гол кирип, мадриддик клуб атаандашын 9:1 эсебинде утуп алды. Алгачкы гол 25-мүнөттө киргенин эске алсак, бул оюнда 10 гол кирет деген ой көптөрдө болгон эмес.
Бул жеңиши менен 3 упай алган "Реал" Испания биринчилигинде быйылкы сезондогу упайларынын санын 67ге жеткирип, дагы да болсо 2-орунду ээлеп келүүдө. Карамагындагы 68 упай менен 1-орунду ээлеп турган "Барселона" 29-турдагы оюнун "Сельта" клубуна каршы ойнойт.
Карьерасында алгачкы ирет 5 гол киргизген Криштиану Роналду бомбардирлер тизмесинде "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Мессиден кайрадан 4 голго ашып кетти. Бомбардирлердин алдынкы ондугу төмөнкүчө:
36 гол - Криштиану Роналду ("Реал")
32 гол - Лионель Месси ("Барселона")
17 гол - Карлос Бакка ("Севилья"), Неймар ("Барселона")
16 гол - Альберто Буэно ("Райо Вальекано")
15 гол - Карим Бензема ("Реал")
14 гол - Антуан Гризманн ("Атлетико")
13 гол - Гарет Бэйл ("Реал")
12 гол - Марио Манджукич ("Атлетико"), Лусиано Вьетто ("Вильярреал")