Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигине М.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы 2014-жылдын күз айларында Жол-кайгуул кызматына жумушка орноштуруу үчүн 1000 доллар алып, бирок айткан сөзүнө турбаганын билдирген. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган кызматкер мурда алган акчанын 15 миң сомун берип жаткан жеринен кармалган. Тергөөдө анын 2015-жылдын 2-февралында жумуштан бошотулганы аныкталган.

Учурда “пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан