Чүй районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн диний-экстремисттик материалдар алынды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан 35 жаштагы жергиликтүү тургундун үйү текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында диний-экстремисттик маанайдагы 4 китеп, 10 DVD-диск табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.