4-апрелде Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда волейбол боюнча Улуттук Лиганын акыркы оюндары болуп өттү. Жыйынтыктоочу күнгө чейин эле чемпиондукту “Ош бажы” командасы, 2-орунду “Жаңы муун” командасы камсыздаган.
КРнын Волейбол федерациясынан 4-апрелде 3-орун ээси аныкталды. Коло медаль үчүн күрөш “Улуттук гвардия” менен “Салам-Алик” командасынын ортосунда болду. “Улуттук гвардия” медаль алуу үчүн жеңишти камсыздашы керек болчу. Жыйынтыгында бул команда “Жаңы муун” командасына утулуп калды. Бул оюндан кийин “Салам-Алик” коло алуу үчүн атаандашын жеңүүгө милдеттүү болуп калды. Жыйынтыгында ал “Жаш күч” командасын утуп, коло медалды багындырды.