Кемин районунда ээн баштыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 40 жаштагы П.Г. аттуу жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал 2-апрель күнү мас абалындагы чала тааныш аял денесине оор залал келтиргенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 43 жаштагы Б.С. кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.