Кыргыз мушкери
Турат Осмонов (49 килограмм салмакта)
2-апрелден 5-апрелге чейинки аралыкта бокс боюнча Орусиянын
Сургут шаарында өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. Андан тышкары дагы 5 мушкер коло медаль тагынган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына улуттук кураманын машыктыруучусу Адылхан Бекболотов кабарлады. Анын айтымында, СССРдин Спорт чебери Павел Малаховскийдин жаркын элесине арналган мелдешке 10 кыргыз мушкери аттанган. Алардын бешөө улуттук кураманын мүчөсү болсо, дагы 5 мушкер Ош облусунун курамасынан. Коло медаль тагынгандардын катарында улуттук курамдын өкүлдөрү Медер Мамакеев (60 кг), Азамат Каныбек уулу (75 кг) да бар.