Кыргыз балбандары Түркияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 3 медаль тагынышты. “Вехби Емре жана Хамит Каплан” мелдеши 4-5-апрелде Стамбул шаарында өтүп, ага 25 өлкөдөн 300дөн ашуун спортчу катышкан.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, анда кыргыз спортчулары Мурат Рамонов 130 килограмм салмакта коло тагынса, Руслан Царев 71 килограмм салмакта 3-орунду ээледи. Ал эми 59 килограмм салмакта күрөшкө чыккан Арсен Эралиев финалда утулуп, күмүш медалды багындырды.