Бишкекте кыргыз спортунун 90 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди

Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү жана кыргыз спортунун 90 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чара кыргыз спортунун 90 жылдык тарыхын камтыган тасманы көрсөтүү менен башталып, андан соң бир катар бийлик өкүлдөрү, жетекчилер спорт ардагерлерин, ушул тармакта иштеген кызматкерлерди жана спортчуларды куттуктап, ден соолук каалашты. Куттуктоо сөзүн сүйлөгөндөрдүн катарында КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов, КРнын Президентинин аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Кудайбердиева, Олимпиадага даярдоо борборунун директорунун орун басары Руслан Түмөнбаевдер болушту. 
Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктаган соң чогулгандар үчүн концерттик программа тартууланды. Анда күүлөр чертилип, бий бийленип, обон созулду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан