Жихадга чакырык жасаган чек арачы кармалды

Социалдык тармактар аркылуу жихадга чакырык жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жихадга үндөгөн жарандын аты-жөнү такталып, анын Жалал-Абад облусундагы чек ара бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөп жатканы белгилүү болгон.

Учурда ал кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин 20-24 жаштардагы жигит өзүнүн "Фейсбуктагы" жеке баракчасына Кыргыз Республикасындагы азыркы башкаруу системин жок кылуу үчүн жихадчыларды топтоп жатканын жазган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
zhykyo
2015-04-07 09:58:38
Мыны сага чек арачылар элди кайтарып жатат десе Кыргыз Республикасына кол салмак турбайбы эч кимге ишенич жок калды .
+6
altai86
2015-04-07 11:10:21
Эгер чын болсо жазалаш керек катуу өздөн чыкан жат жаман өзөктөн чыкан өрт жаман деп ата бабалар бекер айткан эмес.
+3
baba.
2015-04-07 11:49:42
Корукчу коон туготот дегендей болуптурго.....Омур бою эркинен ажыратуу керек мындайларды.
+1
st1m_
2015-04-07 12:23:00
Мекенди саткан айбан олумго гана татыктуу.Бул нерсе оюнчук эмес.
+1
meli12
2015-04-07 13:58:40
мындайды аты жонун тактап барыбыз билгендей бололу толук жазгыла супер инфо анан мындай шылуундарды турмого камаш керек. душман озундон чыгат деген ушу да
+1
admin_portal
2015-04-07 14:27:01
meli12, кээ бир маалыматтар иликтөө иштеринин жүрүшүнө тоскоол болбосу үчүн толук жазылбайт.
0
begai93
2015-04-07 16:43:17
Кудайым ушундайдын бетин ары кылсын.Тынчтык болсун жер жузундо!
0
maksnarin
2015-04-07 18:36:24
Бул тизмеге Озбек ажы дегенди да кошуш керек анын жеке барагында да бузук создор толтура-(((.
+3
Nurlanchik
2015-04-07 20:29:27
Жакшы болуптур да!!!!оозунарды ачып журсонор ошондой болот
0
st1m_
2015-04-07 23:15:28
Деги эле бир жерден кулак суйунткон кабар жок го чиркин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан