Чоң суммадагы салыкты төлөөдөн качкан ишкана жетекчилигине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, “Саубер” ишканасы товарлардын реалдуу баасын түшүрүү менен 5 миллион сомдон ашык салыкты төлөгөн эмес. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.