Бишкекте уурулукка шектелген 23 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга 22 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал 6-апрель күнү белгисиз адам дүкөндөн азык-түлүк уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 23 жаштагы кыз кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.