2003-жылы туулган жаш кыргыз хоккейчилеринен турган “Илбирс” командасы Казакстандын Ачык биринчилигинде 1-орунду багынтты. 2014-жылдын ноябрь айында башталып, 3 турдан турган мелдештин жыйынтыктоочу туру 31-марттан 2-апрелге чейинки аралыкта болуп өттү. Бул тууралуу ата-энелер комитетинен кабарлашты.
Алардын айтымында, мелдеште командалар деңгээлдерине жараша “А” жана “В” тайпаларына бөлүнүп, чемпиондук күрөш жүргүзүштү. “Илбирс” командасы “В” тайпасына бөлүнгөн. Акыркы турга чейинки көрсөткүчтө кыргыз хоккейчилери тайпада 2-орунду ээлеп турушкан. Мелдештин акыркы турунда чемпиондукту 6 команда өз ара талашты. “Илбирстин” оюнчулары бул жолу алгач “СДЮШОР №18” командасын буллитте 4:3 эсебинде, “Армада” командасын 6:3 эсебинде утту. Андан соң “Арлана” командасы менен оюн болуп, анда уткан команда чемпиондукка мүмкүнчүлүгүн арттырмак. Курч мүнөздөгү оюнда 2:2 эсеби катталып, акыркы 30 секунд убакыт калганда Султан Исманов кыргыз спортчуларына жеңиш алып келген шайбаны киргизди. Жыйынтыгында “Илбирс” командасы чемпион аталып, кийинки жылы “А” тайпасында чемпиондукту талашуу укугуна ээ болду. Бул тайпада командалардын тажрыйбалары мол экенин кошумчалашты ата-энелер комитетинен.