Футбол боюнча өлкө биринчилигинде "Дордой" клубу "Ала-Тоону" утуп, 3 упайга ээ болду

Бүгүн, 7-апрелде футбол боюнча өлкө биринчилиги – ТОП-Лиганын жаңы сезону башталды. Анда бишкектик “Дордой” өз үйүндө нарындык “Ала-Тоо” клубун кабыл алды.

Кыргыз өлкөсүнүн учурдагы чемпиону “Дордой” оюндун алгачкы мүнөттөрүнөн тарта демилгени колго алуу аракетин көрүп жатты. Ал эми атаандаштары каршы чабуул уюштуруу менен алдыга жылып жатышты. Оюндун 8-мүнөтүндө айып соккусун тепкен Курсанбек Шератов оюн эсебин ачты. Топ жогорку ылдамдыкта учпаса да, өз аянтчасында көп оюнчунун арасынан өзүнүн мүнөзүн көрсөтө албаган дарбазачы топту өткөрүп жиберүүгө мажбур болду. Оюндун калган бөлүгүндө да кооптуу кырдаалдар жаралып, оюндун акыркы мүнөттөрүндө "Ала-Тоонун" оюнчулары эсепти теңегенге арты-артынан ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратышканы менен, көрүүчүлөр башка гол көрө алышкан жок. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nursultan1
2015-04-07 20:13:35
Ишенесинерби мен бул оюнду 1-0 менен бутоорун сезген элем. Себеби экөө тең бир эле командада атаандаштык болмок эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан