Кыргыз мушкерлери Орусияда өтө турган кезектеги мелдешке катышат

Бокс боюнча улуттук кураманын мүчөлөрү май айында Орусиянын Хабаровск шаарында өтө турган мелдешке катышат. 11-20-май аралыгында өтө турган мелдеш Советтер Союзунун Баатыры Константин Коротковдун жаркын элесине арналмакчы. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мушкерлерибиздин бул мелдешке катышуусу үчүн Олимпиадага даярдоо борборунан 369 миң сом бөлүндү. Курамда төмөнкү спортчулар бар: Түркбай уулу Мирлан (49 килограмм салмакта), Жаныбек Мусаев (52 кг), Сулайманбек уулу Акжол (60 кг), Нурлан Кошоев (64 кг), Ыхтияр Шабданбеков (69 кг), Ильяз Акматалиев (75 кг), Бектур Өтөгөнов (56 кг). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uefamif
2015-04-09 16:47:43
Ийгилик баарына! Кыргызстандын желегин желбиретип келгиле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан