Машыктыруучу Руслан Маджинов сабаган Олимпиадага даярдоо борборунун жетекчиси түтүкчөнүн жардамы менен тамактанууда

Эркин күрөш боюнча улуттук курамдын машыктыруучусу Руслан Маджинов тарабынан сабалган Олимпиадага даярдоо борборунун жетекчиси Үсөнкан Майназаров ооруканадан чыга элек. Жаак сөөгү жабыркаган
Ү.Майназаров учурда түтүкчөнүн жардамы менен тамактанууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов кабарлады. 
Маалым болгондой, дарыгерлер анын соккуга кабылган мурдун түздөп, көзөмөлдөөнү улантышууда. "Сокку катуу болгон үчүн азыркыга чейин башы ооруп жатат. Мындай учурларда тиешелүү органдар дароо чара көрүшү керек болчу",- дейт У.Молдодосов.  
Олимпиадага даярдоо борборунун жетекчиси менен улуттук курамдын машыктыруучусунун урушу боюнча Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан түзүлгөн комиссияны агенттиктин директорунун орун басары Болот Мотукеев жетектеп жатат. Ал азырынча иштин териштирилип бүтө электигин айтты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
begai93
2015-04-09 03:12:37
Эмне болгон эле озу
0
amanatym
2015-04-09 16:30:03
милиция каякты карап отурат?!
0
karona
2015-04-10 13:53:06
"Иш териштирилип жатат" дегенде эле башка нерсени элестете берем. "Пара беруу-алуу боюнча суйлошуулор журуп жатат" дегендей.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан