Бишкекте оор атлетика боюнча жаштар арасында өлкө чемпиондугу өтүп жатат

Бишкекте оор атлетика боюнча 20 жашка чейинки курактагы спортчулар арасында өлкө чемпиондугу өтүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган спорт түрү боюнча федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов кабарлады.

Анын айтымында, мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан тандалган 140 спортчу катышууда. Анда 15 салмак категориясында чемпиондор аныкталмакчы. “Мелдеш 6-Апрель – Спорт жана дене тарбия күнүнө, 7-Апрель – Элдик революцияда курман болгондордун жаркын элесине арналып өткөрүлүүдө. 2 айдан кийин Польшада жаштар арасында Дүйнө чемпиондугу болот. Бул биринчиликтин жыйынтыгына карап Польшага бара турган балдардын курамын бекитебиз”,- деп кошумчалады У.Молдодосов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан