Ысык-Көлдө кезектеги эл аралык марафон май айында өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 2-майында Ысык-Көлдө “Run the Silk Road” деген аталышта 4-эл аралык марафон өткөрүлөт. “Москва-1980” Олимпиадасында коло медалга ээ болгон Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген спорт сүйүүчүлөрү кыска жана узун аралыкка чуркап жарышышат. Бул тууралуу “Япон-кыргыз биримдиги” жаштардын коомдук фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, марафон өлкөдө туризмдин деңгээлин жогорулатуу менен калкты спортко кызыктыруу, кооз жаратылышты даңазалоо максатында уюштурулат. Анда марафондун катышуучулары 42 чакырым 195 метр аралыкка, 21 чакырым 97 метр аралыкка, 10 чакырым аралыкка чуркашат жана каалоочулар 5 чакырым аралыкты басып же чуркап да өтсө болот.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан