8-12-апрель аралыгында Орусиянын Сочи шаарында Жаш мекендештердин биринчи дүйнөлүк оюндары өтөт. Ага бир катар мамлекеттерден 15 жашка чейинки курактагы 500дөн ашуун спортчу катышып, баскетбол, волейбол, кичи футбол, теннис жана шахмат мелдештеринде күчтөрүн сынашат.
КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашкандай, кыргыз өлкөсүнөн мелдешке 7 спортчудан турган волейбол курамасы барат. 11-апрелде Сочи шаарына жөнөп кете турган курамда Алла Абушахманова, Анастасия Горлова, Ольга Габидулина, Ясмин Хасанова, Анна Холопова, Анастасия Красникова, Марсель Мамытова сыяктуу спортчулар бар.