14-19-апрель аралыгында Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылында күрөштүн 3 түрү боюнча (грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыздар арасындагы эркин күрөш) боюнча өспүрүмдөр арасында өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан жаш балбандар чакырылары жана 10 салмак категориясында чемпиондор аныкталары күтүлүүдө. Биринчилик жакынкы аралыкта өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жана Азия чемпиондугуна катыша турган курамды бекитүү максатында уюшулууда.