Ысык-Көл облусунун тургуну баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан 32 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Анын жашаган жерин текшерүү учурунда 1 килограммдан ашык баңгизат табылган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.