Бүгүн, 10-апрелде Дүйнөлүк бокс сериясынын 12-турунда “Украиналык атамандар” клубу Алжирдин клубуна каршы беттеш өткөрөт. Анда ар түрдүү салмак категориясы боюнча 5 беттеш орун алат. 52 килограмм салмакта украиналык клубдун намысын кыргыз мушкери Азат Усеналиев талашат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Азаттын бул жолку атаандашы Абдельхаким Эльбарка болмокчу.