Бишкектин тургуну Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Токмоктон Москвага чейин велосипед тээп барат

Бишкектин тургуну Валерий Овчаренко Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Токмоктон Москвага чейин велосипед тээп барат. Ал сапарын 14-апрелде Токмоктон баштап, 8-майда Москвадагы Панфиловдун эстелигинин алдында жыйынтыктайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жардамчысы Байдулла Маматов билдирди. 

Анын айтымында, В.Овчаренкого кечээ, 9-апрелде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги тарабынан спорттук кийимдер берилди. 56 жаштагы Бишкектин тургуну бул ишти өзүн жарнамалоо үчүн эмес, жаштарга сабак болсун деген максатта аткарып жатат. Ушул себептүү азыр аскер лицейинде жана башка бир катар окуу жайларда ал жаштар менен жолугушуу өткөрүүдө. 

"Токмоктон Москва шаарына чейинки аралык 3800 чакырым экен. Бул жолду басып өтүүгө бел байлаган Валерий Овчаренконун чоң атасы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Ал буга чейин Бишкектен Ошко чейин, Ысык-Көлгө чейин велосипед менен барып-келип жүргөн",- дейт Б.Маматов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
karona
2015-04-10 13:50:02
Эмне дейбиз, жолу шыдыр, жолдошу кыдыр болсун! Азамат! Аман эсен жетеер жерине жетип алсын.
+5
dina
2015-04-10 14:41:25
Кызык экен, ушинтип деле Москвага жетип алса болчудайкен)))
+3
Salman777
2015-04-10 20:05:12
жинди болгонго !! тееп барса бирнерсе озгоробу ,,кыйын болсо уйуно барып жардам берсин
-2
basyz-kaman
2015-04-11 09:08:31
Ийгилик каалайм жакшы жетип алсын!
+2
malika14
2015-04-12 03:02:34
aman esen baryp kelsin...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан