Жайыл районунда 1,5 айлык баласын көчөгө таштап кетип калган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Милиция кызматкерлерине 8-апрель күнү саат 19:20 чамасында маалымат келип түшкөн. Анда Кара-Балтада белгисиз аял 1,5 айлык баласын кароосуз таштап, белгисиз тарапка кетип калганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Кара-Балта шаарынын 28 жаштагы С.С. аттуу тургуну кармалган. Ал ошол учурда мас абалда болгонун билдирген.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.