Олимпиадага даярдоо борборунун директору
Үсөнкан Майназаров эркин күрөш боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу
Руслан Маджинов тарабынан сабалганына 10 күн болду. Бирок Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан түзүлгөн комиссия бул иш боюнча жыйынтык чыгара элек. Комиссияны жетектеп жаткан аталган агенттиктин директорунун орун басары
Болот Мотукеев бүгүн
SUPER.KG порталына төмөнкүчө ой бөлүштү:
"Комиссиянын дагы 5 күн убактысы бар. Биз азырынча эки тарап элдешип алсын деп, жыйынтык чыгарбай күтүп турабыз. Эгер эки тарап андай кадамга барбаса, анда жыйынтык чыгарганга туура келет".Кошумчалай кетсек, спортчулардын ири мелдештерге катышуусу үчүн акча бөлүп, улуттук кураманын мүчөлөрүнө жооптуу борбордун жетекчиси 31-мартта өз бөлмөсүндө эркин күрөш боюнча курамдын машыктыруучусу тарабынан сабалган. Сабалган Ү.Майназаров окуядан кийин ооруканага жатып, азыр дарыланууда. Ал эми көптөгөн спорт ишмерлери комиссиянын Руслан Маджиновду улуттук курамдын машыктыруучулугунан четтетүү боюнча чечим кабыл аларын күтүп жатат.