18-19-апрель күндөрү Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда таэквондонун ITF версиясы боюнча өлкөнүн Ачык чемпиондугу өтөт. Аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, ага Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан да спортчулар чакырылган.
2 күнгө созула турган мелдештин жыйынтыгында Италияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна бара турган курама команда түзүлөт.