Бишкек жана Чүй облусунун аймагында өткөн “Качкын” операциясынын негизинде жатак-абагынан качкан 32 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда,
ыкчам издөө иш-чарасы 16-марттан 6-апрелге чейин болгон. Анын жүрүшүндө
жатак-абактардан качып кетип издөөдө жүргөн 32 адам кармалган.