Бишкекте оор атлетика боюнча жаштар арасында өлкө чемпиондору аныкталды

Бишкекте оор атлетика боюнча 20 жашка чейинки курактагы спортчулар арасында өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, ага өлкөнүн бардык аймактарынан тандалган 105 спортчу катышты.  

Анда кыз­-келиндер арасында 6 салмакта, уландар арасында 8 салмакта өлкө чемпиондору аныкталды. Бул мелдеш Польшада өтүүчү жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна карата тандоо туру болуп эсептелинет. Биринчиликтин жыйынтыгына карап Польшага бара турган курам бекитилет.  

Кыз-келиндер арасында чемпион аталгандар:

44 килограмм салмакта: Власова Татьяна

48 килограмм салмакта: Абдимариф кызы Жылдыз

53 килограмм салмакта: Талантбек кызы Алина

58 килограмм салмакта: Курманаева Зухра

63 килограмм салмакта: Чолпонбек кызы Раушан

69 килограммдан жогорку салмакта: Кубатбек кызы Кундуз       

Уландар арасында чемпиондукту камсыздагандар:

51 килограмм салмакта: Эмил уулу Саламат

56 килограмм салмакта: Төрөбай уулу Тимурлан

62 килограмм салмакта: Саламатов Искендер

69 килограмм салмакта: Гапаров Таирбек   

77 килограмм салмакта: Тажидинов Рустам

85 килограмм салмакта: Расулбеков Бекдөөлөт

94 килограмм салмакта: Таалайбек ууулу Темирлан

94 килограммдан жогорку салмакта: Ашымов Султан

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан