15 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары Казакстандын өспүрүмдөр курамасына 1:0 эсебинде утулуп калышты

15 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары кечээ, 9-апрелде Казакстандын өспүрүмдөр курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 1:0 эсебинде утулуп калышты. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Шымкент шаарында өткөн оюнда жалгыз голду 11-мүнөттө Батыр Кудайбердинов киргизди. Кыргыз өлкөсүнүн өспүрүмдөр курамасынын машыктыруучусу Самат Сүймалиев оюнда казак футболчулары коргонууда катуу басым кылганын айтты. Ошондой эле өз командасынын да айрым учурларда мыкты болгонун айтып, оюн башында кирген гол жыйынтыкка чоң таасир эткенин кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, кыргыз футболчуларында реванш алганга мүмкүнчүлүк бар. Бүгүн бул командалардын ортосунда экинчи жолдоштук беттеш орун алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
312-banda
2015-04-10 18:43:04
бутсы алып берип койбойбу
+1
Hernandez
2015-04-10 20:45:08
Кыргыз жаштары алга!
+1
sharshenbek
2015-04-10 21:17:06
Азаматсынар ийгилик силерге бугун кудай буюрса женип реванш алгыла Биздин улуттук курама командага караганда силерге умут чон . Калп
айтпасам былтыр биздин Улуттук Курама командабыз Казакстанга 5:1 ге утулду беле
0
uran98
2015-04-10 21:53:13
sharshenbek,


кайакта 7:1 утулган да
0
Khabib
2015-04-10 21:30:05
Биздикилер качан женет болду экен Макул кантседа акырындан болот салып кылалы.
0
hairullo
2015-04-10 22:27:19
аз го, эсепти кобойтуп 7:0го утулбайт беленер.
-2
beka1207
2015-04-11 12:04:48
бир нөльгө утулса жакшы эле корсоткуч болуптур...эчнерсе эмес...алга...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан