15 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары Казакстандын өспүрүмдөр курамасына экинчи жолдоштук беттеште да утулуп калышты

Кечээ, 10-апрелде 15 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары Шымкент шаарында Казакстандын өспүрүмдөр курамасына каршы экинчи жолдоштук беттешин өткөрүп, 4:2 эсебинде утулуп калышты. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кыргыз футболчуларынын эсебиндеги 2 голду Гүлжигит Алыкулов менен Алимордон Шүкүров киргизди.

Кошумчалай кетсек, бул командалардын ортосундагы алгачкы жолдоштук оюн да казак футболчуларынын 1:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктаган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kaniet
2015-04-11 21:13:20
Аганы көрүп ини өсөт!
0
bakyt_2015
2015-04-11 22:07:23
Мурунку коч кайда барса,кийинки коч ошол жакка.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан