Кечээ, 10-апрелде Дүйнөлүк бокс сериясынын 12-турунда “Украиналык атамандар” клубу Алжирдин клубу менен кез келип, командалык эсепте 5:0 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, анда жалпысынан 5 беттеш орун алып, украиналыктар анын баарында жеңишке жетишти. 52 килограмм салмакта украиналык клубдун желеги астында рингге чыккан кыргыз мушкери Азат Усеналиев атаандашы Абдельхаким Эльбарканы утуп алды. 5 раундда тең кыргыз мушкеринин үстөмдүгү байкалып, калыстар бир добуштан жеңишти ыйгарышты.