Тогуз коргоол боюнча улуттук курама Казакстанда Дүйнө чемпиондугуна катышууда

Тогуз коргоол боюнча кыргыз өлкөсүнүн улуттук курама командасы Казакстанда Дүйнө чемпиондугуна катышууда. Алматы шаарында өтүп жаткан мелдеш бүгүн, 13-апрелде старт алып, 18-апрелде жыйынтыкталат. Анда стандарт, рапид жана блиц түрлөрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталмакчы.  

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, 12-апрелде кураманы узатуу аземи болуп өттү. Ага аталган спорт түрү боюнча федерациянын президенти Камчы Касымов, башкы машыктыруучу Нурия Султанмуратова, спорттук делегациянын башчысы Зоя Самыкбаева жана башкалар катышты.

Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун эсебинен Дүйнө чемпиондугуна жөнөп жаткан курамга 9 спортчу, 4 машыктыруучу кирди. Спортчулар: Анарбек Жамакеев, Мураталы Исмаилов, Аида Керимбекова, Чолпон Кендирбаева, Кубанычбек Ибрагимов, Мадина Курманбекова, Кубан Сазаев, Алтынай Шамбетова, Максатбек кызы Айтурган. Машыктыруучулар: Нурия Султанмуратова, Бектур Тинибеков, Керимбек Өмүралиев, Канатбек Кендирбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан