Базар-Коргон районунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаран 10 айдан кийин колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын июнь айында Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагындагы Абдраимов айылынын тургуну жашы жете элек кызын (1999-жылы туулган) Базар-Коргон айылынын 3 тургуну зордуктаганын айтып, арыз жазган. Аталган факты боюнча 15-июнда кылмыш иши козголуп, 3 кылмышка шектүүнүн экөө колго түшүп, дагы бирөө изин жашырып кеткен.
Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен бир шектүүнүн үстүнөн кылмыш иши кыскарып, ал эми экинчисинин үстүнөн кылмыш иши сотко жиберилип, соттук кароонун жыйынтыгында ал эркиндигинен ажыратылган. Ал эми үй-бүлөлүү, эч жерде иштебеген, 1992-жылы 26-октябрда туулган Абдусамат Давлатов 10-октябрдан тарта издөөдө жүргөн. 2015-жылдын 9-апрель күнү аталган кылмыш менен айыпталып жаткан А.Давлатов Талас облусунун Кара-Буура районунда жашынып, бирөөлөрдүн коюн багып жүргөн жеринен кармалды. Бүгүнкү күндө шектүү Базар-Коргон РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлө баштады.