КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата спорттун аскердик-колдонмо түрлөрү боюнча спартакиада өткөрүүдө. Башкы штабдан кабарлашкандай, 13-16-апрель аралыгында Башкы штабдын, Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын түндүк жана борбордук кошуундары менен бөлүктөрүнүн курама командалары куралдардан ок атуу, гиря спорту жана аскердик көп түрдүү күрөш боюнча 73809-аскер бөлүгүнүн базасында мелдеш өткөрүшөт.
Ага жалпысынан 112 жоокер-спортчу катышат. Жеке жана командалык таймаштын жеңүүчүлөрү кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Спартакиаданын жалпы байге фонду 40 000 сомдон ашык сумманы түзөт.