Бүгүн, 14-апрелде УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында 2 оюн болот. Бул күнү аталган мелдештин өткөн сезондогу чемпиону мадриддик “Реал” конокто Испаниянын чемпиону “Атлетико” менен кез келет.
Ал эми Италиянын Турин шаарында ушул сезондо “Арсеналды” мелдештен четтеткен “Монако” конокто “Ювентус” менен беттешет. Бул мелдештин чейрек финалдык баскычындагы алгачкы оюндар. Кийинки турга 2 команда 2 оюндун жыйынтыгына карап жолдомо алат.
“Атлетико” (Испания) – “Реал” (Испания)
Мадрид шаары. “Висенте Кальдерон” стадиону
Калыс: Милорад Мажич (Сербия)
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)
“Ювентус” (Италия) – “Монако” (Франция)
Турин шаары. “Ювентус” стадиону
Калыс: Павел Краловец (Чехия)
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)