Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча шектүү аныкталбаганына байланыштуу кылмыш иши токтотулду

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча шектүү аныкталбаганына байланыштуу кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, эгер кылмышка шектүү аныкталса, иш кайра жанданат.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкектеги Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган.

Бул факт боюнча ички иштер министри Мелис Турганбаев 2015-жылдын 11-мартында “Биз бул ишти кайрадан карап жатабыз. Учурда факт боюнча жакшы версия бар. Жакын арада жыйынтыгын көрөбүз” деген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Biinura
2015-04-14 12:56:57
Это очень плохо.
+1
kgmiko
2015-04-14 12:59:40
Кандай токтотулат! МВД тукурдум кырчындай кыз олуп жатат.кылмышкерлерт эшек этин жеп сайрандап журот. Бир ооруп чыгат камактан бироо уй камагына чыгат бироо чет олкодо дем алат Биздин бийлик козу кор! кулагы уккпастар экен Кудай жазаласын баарын Камиланын жайы жаннаттан болсун аттин ай окунучтууу
+14
bom.bon
2015-04-14 13:11:53
kgmiko, акча козду кор,кулакты кар кылат деген кеп бекеринен айтылбаганда!
+4
baxa.96
2015-04-14 13:05:36
эми МВДга кантип ишенсе болот...?
+3
TAMDOK.
2015-04-14 13:36:44
eh Kandai okunu4tuu 1 jyl bolsoda tabalbasa olgon ekenda Мвда ak4a ak4a baari jogu ak4a menen 4e4ilgen zamanda azyr
+1
jamilya03
2015-04-14 16:43:09
эй тойбос жеп жутарлар башка кылмыштардан жесенер да ушундай бей ажал олумдун бетин ачсанар болмок
0
ainuska00
2015-04-14 17:53:47
ана сага ишенген министр ушинтсе
+1
sveet
2015-04-14 18:49:42
melis baikesi otstavkaga ketchi syiyn menen. akchaga toibas nemeler, uyalbaisinarby ushul ishti kantip jaap koiosunar.
0
sagyn91
2015-04-15 08:21:23
Эх кандай окунучтууу, айдай кыздын олумуно шектууну табалбасанар эмне иш кылып жатасынар?
0
jigit.85
2015-04-15 08:32:25
Кандай кана мыкаачынын колу барды экен ээ карагылачы молтурогон бир жакшына сулуу кызды кантип олтургонго колу барды экен эхх арман дунуо,корсо ажал адам ылгабайт тура!!!((((
0
doni89
2015-04-15 09:03:09
Ушул факт боюнча эң жакшы версияңар кылымыш ишин токтотконуңар болдуго е ...бир аз болсода берген убадаңарды аткаргыоачы.
0
bela77
2015-04-15 09:08:11
Менде бир эле суроо бар "Кантип?Кантип ушундай громкий ишти токтотуп койдуңар?" жана бир эле сөзүм бар "Камиланын ишин тергегендер бетинер жок силердин!"!!!!!!!!!
0
Ibraxim
2015-04-15 14:07:47
Аллах накажет всех Иншаллах
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан