Футбол боюнча улуттук курама Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Австралия курамасына каршы ойнойт

Бүгүн, 14-апрелде Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында Азия футбол конфедерациясынын чүчү кулак таштоо аземи болуп өттү. Анда Азиянын 40 курама командасы 2018-жылы Орусияда өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо туруна катышуу үчүн беш-бештен 8 тайпага бөлүштүрүлдү. Чүчү кулактын жыйынтыгында кыргыз өлкөсүнүн курама командасы “В” тайпасына бөлүндү. Курамабыздын тандоо турундагы атаандаштары Азиянын учурдагы чемпиону Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш курамалары болмокчу.

Тандоо турунун жүрүшүндө 8 тайпада 1-орунду ээлеген курамалар жана мыкты жыйынтык менен тайпада 2-орунду ээлеген 4 команда 2019-жылы өтүүчү Азия чемпиондугуна жолдомо алат жана 2018-жылы Орусияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
uefamif
2015-04-14 19:03:40
Алга Кыргызстан!!! Сенсация жаратып 2018 россияга барышты насип кылсын. Оомин.
0
Patriot...kg
2015-04-15 10:43:00
Куда калааса утат деп тилек кылалы
0
Patriot...kg
2015-04-15 10:44:30
Админ качан ойношот экен Австралия менен. Тагыраак маалымат берип коюңуздарчы.
0
admin_portal
2015-04-15 11:01:45
Patriot...kg, саламатсызбы!
Тактап, кабарды толуктап койгонго аракет кылабыз.
0
ru-mir
2015-04-15 11:50:37
1-Австралия
2-Иордания
3-Кыргызыстан
4-Таджикстан
5-Бангладеш
0
ruslan96kg
2015-04-17 14:57:29
Алга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан