Чемпиондор Лигасында "Ювентус" футболдук клубу "Монакону" утту. "Реал" менен "Атлетико" тең чыгышты

УЕФАнын Чемпиондор Лигасында 15-апрелге караган түнү 2 оюн орун алды. Италиянын Турин шаарында "Ювентус" футболдук клубу франциялык "Монако" клубун кабыл алды. Беттеш 1:0 эсебинде "Ювентустун" жеңиши менен аяктады. Голду 57-мүнөттө Артурро Видаль киргизди. 
Ал эми Испаниянын Мадрид шаарында бул шаардан чыккан эки ири клуб "Реал" менен "Атлетико" кез келди. Өткөн жылы аталган мелдештин финалында ойногон бул командалар жеңүүчүнү аныктай алышкан жок. Оюн маалында "Реалдын" оюнчулары бир топ мүмкүнчүлүк түзүшкөнү менен, 90 мүнөт ичинде гол жаралган жок. 
Бул курама командалар жарым финалдык жолдомонун ээсин кийинки аптада аныкташат. Тагыраак айтканда, командалар 22-апрелде жооптук оюн өткөрүшөт.  
Чемпиондор Лигасы: "Ювентус" - "Монако" 1:0
Чемпиондор Лигасы: "Атлетико" - "Реал" - 0:0
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Titi
2015-04-15 10:26:23
Реал чемпион болот
0
edil.9292
2015-04-15 10:53:43
Titi, не сен төлгөчүсүңбү кудай билет ким чемпион болот ким болбойт топ тоголок дейт!
+1
mister
2015-04-15 11:03:48
Атлетико бул жолку шансты кетирбейт деген умуттомун...
+1
baisal1
2015-04-15 11:07:49
Реал женет буйруса.
0
myshka406
2015-04-15 11:24:58
Реал м.н Барселона финалга чыгат болуш керек.
0
edil.9292
2015-04-15 23:49:01
лига чемпиондун тарыхында бир дагы команда 2жолу катары менен чемпион болгон эмес
0
eldar96
2015-04-17 11:34:47
edil.9292,
боргон керек болсо реал 5 жолу катарынан болгон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан